Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет

Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет

Ош жана Баткен облустарынын ишкерлерине 100 миң долларга чейин инвестиция берилет. Бул бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана КРнын айыл жергесиндеги  калктын экономикалык бакубаттуулугун  жогорулатууга багытталган.

Бизнес-акселераторго катышуу үчүн Ош жана Баткен облусунун иштеген чакан жана өсүп келе жаткан ишканалары чакырылат.

Негизги критерийлер:

  • бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
  • жылына 350 миң сомдон кем эмес киреше болуусу
  • командада экиден кем эмес адам болушу.

Тандалып алынган компаниялар сегиз жумага чейинки акселерациялык программага катышат. Программанын жүрүшүндө ишкерлер баалуу сунуш, адам ресурстарын башкаруу, экспорт стратегиясы, каржы жана бизнес-моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча интенсивдүү окутуудан өтөт жана тажрыйбалуу трекерлер менен иш алып барышат.  Трекинг системасы ишкерлерге окутуу учурунда алган билимдерин иш жүзүндө колдонууга, ошондой эле баардык командалардын прогрессин көзөмөл кылып турууга мүмкүнчүлүк берет.

Акселерациялык программа Демо-Күн менен аяктап, катышуучулар өз бизнес-пландарын инвестициялык комитетке жана потенциалдуу инвесторлорго сунушташат. Программаны ийгиликтүү аяктаган компаниялар Accelerate Prosperityнин бүтүрүүчүлөрү катары ресурстардын баарын колдоно алышат, тактап айтканда: уникалдуу мүмкүнчүлүктөр берилген жабык шартындагы чаттар, өтүп турулуучу Демо-күнгө тоскоолдуксуз катышуу, өнөктөштөрдүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрү жана башкалар.

Ошондой эле инвестициялык комитет тарабынан жеңүүчү болуп тандалып алынган  ишканалар Accelerate Prosperity тарабынан 100 миң долларга чейинки инвестиция жана техникалык колдоо алышат.

Кызыкдар болгон ишканалар онлайн-анкетаны толтурушу керек  –https://kg.accelerateprosperity.org/oshbatken22

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 10-февраль, 2022-жыл.

Маалымдама: Accelerate Prosperity (AP) – бул  Ага Хандын Өнүгүү боюнча уюмунун  (AKDN) Борбордук жана Түштүк Азиядагы жаңы глобалдык демилгеси жана негизги максаты  техникалык экспертиза, креативдүү каржылык чечимдерди жана рынок байланыштарын чакан жана өсүп келе жаткан ишкерлерге камсыз кылып берүү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.  Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты.  Бул иш-

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой