Садыр Жапаров 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Facebook баракчасында маалымат берди

Садыр Жапаров 2021-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Facebook баракчасында маалымат берди

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча маалымат берип, өлкөнүн жалпы бюджети 281.3 млрд сом деңгээлинде бекитилгенин билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8.5 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп, 2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калганы байкалган. Ал эми жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7.9 млрд сомго ашыра аткарып, бюджетке 104.2 млрд сом түшүргөн.

Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3.2 млрд сомдон 1.6 млрд сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46.8 млрд сом түшүргөн. Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151 млрд сомду түзгөн.

Президенттин берген маалыматына ылайык:
  • мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44.7 млрд сомду түзгөн
  • салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31.3 млрд сомго салыштырмалуу 13 млрд сомдон ашык болгон
  • консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн.

Президент жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды аткарууга мүмкүндүк бергенин билдирет.

  • медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1.8 млрд сом бөлүндү
  • маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2 млрд сом бөлүндү
  • кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1.9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19)
  • 1.5 млрд сомго COVID-19га каршы вакциналар сатылып алынды
  • азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1.9 млрд сом бөлүндү
  • кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3.4 млрд сом каралды
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50% көбөйтүүгө болжол менен 0.6 млрд сом жумшалды.
  • 2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйдү.

Ал эми ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөкпулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт.

Жапаров билдирүүсүнүн аягында ресурстук бөлүк жана берилген бардык милдеттенмелер аткарылып, 2021-жылга бюджет 5.6 млрд сом деңгээлиндеги запас менен аткарылганын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

2024–2025-жылдары Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

2024–2025-жылдары Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Баяндама “Куралдуу жаңжалдар болгон аймактардан кайтып келген адамдарды сот жообуна тартуу, психологиялык жардам көрсөтүү жана коомго кайра аралаштыруу жаатындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасына арналды. Өз сөзүндө

Кыргызстан менен Түркия ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдайт

Кыргызстан менен Түркия ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдайт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, расмий сапарынын алкагында өткөн жолугушууда министр президент Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдө БУУ, Түрк мамлекеттер уюму жана башка эл аралык

Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

Лотореялык алдамчылык: унаа, акча жана “жеңил утуштар”

КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы мыйзамсыз лотереяларды интернет аркылуу өткөрүү фактыларынын көбөйүп баратканына эске салууда. Билдирүүгө караганда, алдамчылар лотереяларды уюштуруп, ар кандай интернет платформалар аркылуу мыйзам талаптарына  жооп бербеген оюндарга катышууну сунуштап жатышат. Натыйжада, автомобиль, ири суммадагы акча каражаттарын же баалуу сыйлыктарды

Сокулуктагы асыл тукум станциясынын жабдуулары жаңыланды

Сокулуктагы асыл тукум станциясынын жабдуулары жаңыланды

Сокулук районунун Сарбан айылындагы “Элита” мамлекеттик асыл тукум станциясында суюк азот өндүрүүчү жабдуулар толугу менен жаңыланды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Кореянын КОРIA борбору менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында станциянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жогорулап, суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана өлкө боюнча жасалма уруктандыруу кызматтарына жеткирүү шарттары