Шылуундар күмөндүү сайттар аркылуу банктык транзакцияларды жүргүзүүдө – Банктар бирикмеси

Шылуундар күмөндүү сайттар аркылуу банктык транзакцияларды жүргүзүүдө – Банктар бирикмеси

Кыргызстандын банктар биримдиги банк кардарларын сак болууга чакырат. Ар кандай шылуундар өздөрүн банк кызматкери катары көрсөтүп же күмөндүү сайттар аркылуу маалымат сурап, жасалма транзакцияларды жүргүзүп жатышканы тууралуу маалыматтар болууда.

Банктар биримдиги «ЭЛКАРТ» Улуттук төлөм системасы фишинг (шектүү) сайттарын колдонуу аркылуу жасалма транзакциялар болуп жаткандыгы жөнүндө билдирди.

Алдамчылык кандай жол менен жүрүшү мүмкүн?

  1. Сатып алуучунун атын жамынып алып, Шылуундар товарларды сатуу жөнүндө жарнамалар жарыяланган сайттардын/тиркемелердин колдонуучуларына кайрылып жеткирүү кызматы/компаниялары аркылуу товарларын сатып алууну сунуштайт.
  2. Эгерде Сатуучу ушул жол менен төлөмдү алууга макул болсо, Шылуундар  жасалма туура эмес (фишинг) сайтына шилтеме жөнөтөт, жана ал сайт аркылуу Сатуучунун картасынын маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алат.
  3. Шылуундардын максаты – Сатуучунун картасынын маалыматтарын билүү жана анын акча каражаттарын алуу, бирок бул үчүн Шылуундар Сатуучуга келген тастыктоочу SMS-кодду дагы киргизүүсү керек.
  4. Сатуучу тастыктоочу SMS-кодду алгандан кийин аны Шылуундарга жөнөтөт, жана буюму үчүн акча каражат алам деп күтөт, бирок анын ордуна, Шылуундар Сатуучунун картасынан акча каражаттарды чыгарып кетиши мүмкүн.

Банктар биримдиги коммерциялык банктардын кызматкерлери эч качан ар түркүн сайттарга картаңыздын маалыматтарын киргизүүнү суранбайт жана картаңыздын маалыматтарын жана тастыктоочу SMS-коддорду сурабайт деп билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облустук ооруканасына 10 млн сомдук жабдуулар берилди

Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Япония өкмөтү тарабынан берилген медициналык жабдууларды тапшыруу салтанаты болуп өттү.  Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Япониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюти, элчиликтин 2-катчысы Танимото Тацуя катышты.  Бул иш-

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкекте 1 күндө 720 миңдей жүргүнчү жол кирени накталай эмес төлөдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына толук өтүү боюнча аткарылып жаткан иштерди талкуулады. Мэрдин айтымында, жаңы төлөм системасы коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. "Ушул жылдын

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

Бишкектеги 8 конушка газ киргизилет

2026-жылдан тарта Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери Жал, Сарбан, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Эне-Сай, Жер-Ынтымагы, Селекция жана Биримдик турак жай массивдерин газ тармактарына кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыкты. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, даярдалган документтер буйрутмачы болгон “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына өткөрүлүп берилди. Иштелип

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой