Улуттук банк 2022-жылдын эсебинен биринчи интервенциясын жасап, 70 млн доллар сатты

Улуттук банк 2022-жылдын эсебинен биринчи интервенциясын жасап, 70 млн доллар сатты

Улуттук банк бүгүн, 12-январда долларды сатуу боюнча 2022-жылдагы алгачкы интервенциясын жүргүздү. Көбөйгөн суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга дароо 70.1 млн доллар сатты.

2.5 млн доллар бүтүм түзүлгөн күнү сатылган, ал эми калган 67.6 млн долларды банктар кийинчерээк алышат. Ал бүтүмдөр интервенция күнүнөн башка датада түзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык валютанын орточо базардагы сатуу курсу 84.95 сомго чыкты.

Эскерте кетсек, Улуттук банк 2021-жылы 15 интервенция жүргүзгөн. Акыркы жолу өсүп жаткан суроо-талапты канааттандыруу үчүн 27-декабрда коммерциялык банктарга 65 млн 950 миң доллар саткан болчу.

Ал эми Айсулуу Мамашова Economist.kg басылмасына берген маегинде бат-бат жана чоң суммадагы интервенциялар жаман көрсөткүч экенин жана бул банктын резервинен кетип жаткандыктан, бул акчаны кайра ордуна коюш керек экендигин айткан эле. «Ким бул акчаны алып жатат, кимге мынча доллар керек экен деген сыяктуу менде аябай чоң суроо жаралып жатат. Анткени экономикабыз анча чоң сумманы дароо керектебейт», – деген эле ал.

2021-жылы жасалган 15 интервенцияда УБ доллардын өсүшүн кармап туруу үчүн эл аралык резервдерден 698.95 млн доллар коротту.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде өрүк бышып, Казакстан жана Орусияга экспорттолууда

Баткенде өрүк бышып, Казакстан жана Орусияга экспорттолууда

Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу сорттору бышып, түшүм жыйноо башталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, багбан Толубай Жалилов өткөн жылы 20 гектар жерди өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк бак тиккен. Быйыл алгачкы түшүм мол болуп, жемиштер жыйналууда. Т.Жалилов Түркиядан “Фуего”, “Приция” жана

Ак-Талаа району жүгөрү айдоону кайра жандандырууда

Ак-Талаа району жүгөрү айдоону кайра жандандырууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Район аймагында жалпысынан 15216,5 гектар айдоо жери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы айдоо аянтынын ичинен буудай 2208 га, арпа 3025 га, сулу 8 га, сафлор 129,5 га,

Бишкектин айрым көчөлөрү  жабылат

Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылгандыгы тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2026-жылга пландалган жол оңдоо иштерине даярдык көрүүнүн алкагында асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери каралган. Буга байланыштуу 30-апрелден тарта Гоголь көчөсү

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата бир катар алдамчылык фактылары катталганын билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашат. Парламентарийдин маалыматына ылайык, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30дан ашык адам бири-бирине каршы арыз жазып, алар алдамчылык фактылары катары катталган. Сөз 2023–2025-жылдар аралыгындагы окуялар