2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда

2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда

2022-жылы «Айыл банктын» уставдык капиталын 100 млн долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Айыл банк» ААКтын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

2021-жылы Министрлер кабинети банкты 2.5 млрд сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алган. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5 млрд сомду түзгөн. Ал эми Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2022-жылы уставдык капиталды 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына учурдагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана финансы мекемесин өнүктүрүү келечеги тууралуу маалымат берилип, айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоо боюнча банкты 2026-жылга чейин өнүктүрүү планы сунушталды.

«Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш.  Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр төмөнкү үстөктүү жеткиликтүү кредиттер менен камсыздалышы керек. Биз агрардык сектордун кластерлеринин динамикалык өнүгүүсүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыздообуз зарыл», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Кеңешмеде финансы мекемесин капиталдаштыруу, чет жерде иштеген мекендештердин салымын тартуу боюнча банк продуктуларын ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйтүлгөн болчу.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча банктын активдери 41 млрд сомдон ашуун сумманы түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 10 млрд сомго көп болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча "Кыргызкөмүр" ААКсы көмүр алуу үчүн 5 млн 314,1 миң куб метр катмарды казып, даярдык көрдү. Бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы эң жогорку деңгээл болуп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп. Ишканадан билдиришкендей, аткарылган иштер кара алтынды

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдолууда. Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат.

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт. Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан”

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарында борбордук аянтты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аянт иретке келтирилип, көрктөндүрүлдү. Ошондой эле “Ошсвет” ишканасы тарабынан заманбап түнкү жарыктандыруу тутуму орнотулуп, учурда ал сыноо