БАЭ кыргыз балына кызыкдар экенин билдирди

БАЭ кыргыз балына кызыкдар экенин билдирди

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу кечээ, 12-январда ЭКСПО-2020 көргөзмөсүндөгү кыргыз павильонуна барганда белгилүү болгонун БАЭ өкмөт мүчөсү, Экономика министри Абдулла бин Тоук Аль Марри билдирди.

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, павильонго коюлган продукциялар менен таанышкандан кийин министр Кыргызстандын БАЭ рыногуна продукцияны киргизүү боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы бар экенин белгиледи.

Делегациянынын көңүлүн өзгөчө бал азыктары кызыктырган. Министр Абдулла бин Тоук Аль Марри кыргыз балы жана анын эң сонун сапаттары тууралуу укканын айтып, кыргыз балы БАЭде татыктуу көрсөтүлөт деген ишенимин билдиргенин КРнын Соода-өнөр жай палатасы кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Мырза-Аке – Кара-

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады. Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон