Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө тапшырышат

Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө тапшырышат

Уюмдар электрондук кол тамганы колдонуу менен салык отчетторун электрондук түрдө тапшырышат. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Дыйкан жана фермердик чарбалардан тышкаркы уюмдар 2022-жылдын январынан тартып салык отчетторун квалификациялуу электрондук кол тамгасы коюлган электрондук документ түрүндө берүүгө милдеттүү түрдө өтүшүүдө.

Бул мөөнөт Салыктык отчеттуулукту электрондук документ түрүндө берүүгө өтүүнүн тартиби жана мөөнөттөрүнө ылайык белгиленген.

Мамлекеттик салык кызматы уюмдарды квалификациялуу электрондук кол тамганы адистештирилген операторлордон (Инфоком, Dostek, Ubr) алууга чакырат.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 1-апрелинен тартып уюмдар салык отчетун электрондук түрдө Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу тапшырып келишүүдө.

СК салык төлөөчүлөрдү отчетторун электрондук форматта берүүгө өткөрүү кызматтарды онлайн көрсөтүүнүн жана ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири болуп саналат деп эсептейт.

Мындан тышкары окуңуз

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Мырза-Аке – Кара-

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады. Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон