ЖИА жана ЭЭУ формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча маалымат кампаниясын баштады

ЖИА жана ЭЭУ формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча маалымат кампаниясын баштады

ЖИА бизнес-ассоциациясы Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) колдоосу менен «Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү» долбоорунун алкагында маалымат кампаниясын баштады.

Уюштуруучулар белгилегендей, формалдуу эмес экономика – Кыргызстандын экономикасынын эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири жана ошону менен бирге бүткүл бизнес секторунун негизги көйгөйү болуп саналат. Мындай жагдайда ал формалдуу эместикке каршы чараларды көрөт жана формалдуулукка өтүүгө көмөктөшөт, ошондой эле жашоого жөндөмдүү ишканалар үчүн жагымдуу чөйрөнүн маанилүү элементи болуп саналат.

ЭЭУ бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстандагы бизнес өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүдө. Долбоордун алкагында төмөндөгүдөй бир катар суроолорго жооп табуу пландаштырылууда:

  • Формалдуу эмес экономика жөнүндө эмне билесиз?
  • Бул сизге жана Кыргызстандын жарандарынын жашоосуна кандайча таасир этет?
  • Мамлекет чоӊураак формалдуу экономикага өтүү жана жарандарды үйрөтүү үчүн эмне кылып жатат?
  • Же эмгек укуктары бузулуп, мыйзамдар сакталбаган формалдуу эмес экономика жабык жана түшүнүксүз болгон нерсеби?

«Өлкөнүн формалдуу эмес экономиканын деңгээлин төмөндөтүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, салык салуу системасын жана ишканалардын иштөөсү үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча жасалган бардык аракеттерине карабастан, формалдуу эмес экономиканын деңгээли жогору бойдон калууда. Улутстаткомдун  маалыматтарына ылайык, өлкөнүн ИДПсына карата формалдуу эмес экономиканын деңгээли дээрлик 24%ды түзөт», – деп айтылат демилгечилердин маалыматында.

Мындан тышкары, формалдуу эмес экономика алардын жашоосуна кандай таасир тийгизип жаткандыгы тууралуу жарандарды окутууга жетиштүү көңүл бурулбай келет.

«А бирок дал ушул жеткиликтүү маалымат процесстин формалдаштыруу багытынын өсүшүнө түрткү берүүчү кадам болуп калышы мүмкүн эле», – деп айтылат билдирүүдө.

Маалымат кампаниясынын максаттары:

  • Формалдуу эмес экономика чөйрөсүндө бизнес менен жарандар туш болгон көйгөйлөр жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.
  • Бизнес коомчулугунун формалдуу эмес экономиканын көйгөйлөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу.
  • Маалымдоо жана үйрөтүү аркылуу формалдуулукка өтүүгө, экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоосун жакшыртууга көмөктөшүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөк көрсөтүү.
  • Маалымдоо жана үйрөтүү аркылуу тиешелүү суроолорду берүү менен иш берүүчүлөрдүн формалдуу эмес экономика маселелери боюнча саясатын иштеп чыгууга натыйжалуу катышуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүү.
  • Маалымдоо жана үйрөтүү аркылуу формалдуу экономикага өтүү жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү саясатын калыптандырууда мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга көмөктөшүү.
  • «Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү жөнүндө» ЭЭУнун 204-сунушун ратификациялоого көмөк көрсөтүү.

«Формалдуу эмес экономика көбүнчө жашырылып келгендиктен, анын түпкү себептерин жетиштүү түшүнүүгө маалыматтык түрткү жок. Ал биздин жашообуздун бардык бөлүктөрүнө сиңип калган жана кээде байкалбайт дагы, анткени формалдуу жана формалдуу эмес секторлордун ортосунда болор-болбос айырмачылык бар. Ошондуктан мамлекетти формалдуу экономикага өтүү боюнча чараларды көрүүгө түрткү берүү зарыл», – деп белгилешет уюштуруучулар.

Маалымат кампаниясы формалдуу эмес экономиканын көйгөйлөрүн жана анын өлкөнүн жана анын жарандарынын жашоосуна тийгизген таасирин ЖМКда кеңири чагылдырууну билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолу бир тараптуу ачылды

Кара-Кулжанын Алайкуу аймагындагы унаа жолдору тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Терек – Чаты – Терек автожолунун 10-чакырымына чейинки аралыкка сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Учурда жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында жол бир тараптуу кыймыл үчүн ачылды. Мырза-Аке – Кара-

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөк пулуна бир күндө 13 782 арыз кабыл алынды

1-июлдан тартып Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Түндүк” ААК менен биргеликте үч жашка чейинки балдарга берилүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулуна Кыргызстандын жарандарынын арыздарын кабыл алууну баштады. Алгачкы күндө эле “Бала ырысы” жөлөк пулуна жалпысынан 14 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 782 арыз мамлекеттик жөлөк пул

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Бишкекте шектүүнүн көрсөтмөсүнөн кийин 1,5 килограммдан ашык маңзат табылды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 20 жаштагы жигитти маңзаттарды таратууга шектүү катары кармады. ИИМдин маалыматына ылайык, 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу шектүү жаран Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Натыйжада жалпы

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош жолундагы туннелдин курулушу 2028-жылы бүткөрүлөт

Бишкек – Ош унаа жолунун 400-чакырымында жаңы туннелдин курулушу башталып, иштер планга ылайык аткарылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган аралыкта кар жана таш көчкү түшүү кооптуулугу жогору болгондуктан жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында 742 метр узундуктагы 2 тилкелүү туннель курулат. Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон