2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

2021-жылы КРнын ЕАЭБ мамлекеттери менен  соода көлөмү 3 млрд долларга жетти

Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2.9 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.

Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31.4%га өскөнүн көрсөтөт. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 30.4%га, импорттук келип түшүүлөр 31.7%га жогорулаган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Россияга (65.5%) жана Казакстанга (32%) туура келди. 

КРнын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурдагы жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

КРнын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгында жалпы 57 млн 588,4 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинен 29 млн 495,2 миң сому

Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткен облусунда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын орто мөөнөттүү баалоо миссиясы өз ишин баштады. Миссияны суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адис Одет Мушимпуа жетектөөдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, иш сапардын алкагында делегация Кадамжай

Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузгандар бир айда 929 миң сом айып пул төлөштү

Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузгандар бир айда 929 миң сом айып пул төлөштү

Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган тараптар бир ай ичинде жалпы 929 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул төлөштү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин аймакта экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн. Рейддердин

Бишкек шаарында “Бала ырысы” жөлөк пулуна документтерди кабыл алуу башталды

Бишкек шаарында “Бала ырысы” жөлөк пулуна документтерди кабыл алуу башталды

1-июлдан тартып Бишкек шаарынын төрт райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик “Бала ырысы” жөлөк пулун дайындоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Шаар мэриясынын маалыматына караганда, калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын адистери жарандардын документтерин кабыл алып жатышат. Ошондой эле жөлөк пулду дайындоо боюнча консультация берилип, аны тариздөө тартибин, талап