Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Өткөн жылы эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаган – 14.4%

Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдагы керектөө бааларына талдоо жүргүзүп, эң көп алкоголдук ичимдиктер менен тамеки кымбаттаганын маалымдады.

Өткөн  жылдын январь-декабрында (мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 11.2%ды түзгөн.

Ушул эле учурда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 13.3%га, алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки 14.4%га, азык-түлүк эмес товарлар 9.7%га, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 7.1%га көтөрүлгөнү байкалган.

2021-жылдын январь-декабрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалган.

Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (14.9%) Жалал-Абад облусунда катталган. Ал жерде азык-түлүк эмес товарлардын баасы (20.1%га) жогору экени аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Талаа району жүгөрү айдоону кайра жандандырууда

Ак-Талаа району жүгөрү айдоону кайра жандандырууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Район аймагында жалпысынан 15216,5 гектар айдоо жери бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы айдоо аянтынын ичинен буудай 2208 га, арпа 3025 га, сулу 8 га, сафлор 129,5 га,

Бишкектин айрым көчөлөрү  жабылат

Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылгандыгы тууралуу маалымдайт. Маалыматка ылайык, Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2026-жылга пландалган жол оңдоо иштерине даярдык көрүүнүн алкагында асфальт-бетон төшөлмөсүн калыбына келтирүү жана оңдоо иштери каралган. Буга байланыштуу 30-апрелден тарта Гоголь көчөсү

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар 20 млн сомдон ашык акчага алданышкан

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев угуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата бир катар алдамчылык фактылары катталганын билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомдон ашат. Парламентарийдин маалыматына ылайык, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген 30дан ашык адам бири-бирине каршы арыз жазып, алар алдамчылык фактылары катары катталган. Сөз 2023–2025-жылдар аралыгындагы окуялар

Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды

Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жазгы талаа иштери башталды. Аталган райондо жалпысынан 45977 гектар айдоо жери болсо, учурда 24483,5 гектары айдалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган жалпы айдоо аянтынын ичинен 618 гектарын сарымсак, 1558 гектары күздүк айдоо болсо, 6351 гектар жаздык буудай, 12509