Уставдык капиталы 1 млрд сомдук «Кыргызиндустрия» ААК түзүлдү

Уставдык капиталы 1 млрд сомдук «Кыргызиндустрия» ААК  түзүлдү

Министрлер Кабинетинин чечими менен уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ААК түзүлдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы билдирди.  

«Кыргызиндустрия» ААК түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат.

«Бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, мисалга, оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып; өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүү менен тобокелдиктерди ж.б. башкарууга мүмкүндүк берет», – деп айтылат билдирүүдө.

Мындай компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот. 

Белгилесек, уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Кыргызиндустрия» компаниясын түзүү чечими Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча "Кыргызкөмүр" ААКсы көмүр алуу үчүн 5 млн 314,1 миң куб метр катмарды казып, даярдык көрдү. Бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы эң жогорку деңгээл болуп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп. Ишканадан билдиришкендей, аткарылган иштер кара алтынды

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдолууда. Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат.

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт. Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан”

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарында борбордук аянтты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аянт иретке келтирилип, көрктөндүрүлдү. Ошондой эле “Ошсвет” ишканасы тарабынан заманбап түнкү жарыктандыруу тутуму орнотулуп, учурда ал сыноо