ЖКнын тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

ЖКнын тармактык комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Кечээ, 13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

Жыйынтыгында:

  1. ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Коргонбай уулу Жусупбек, Чыңгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков шайланышты. Төрага – Медербек Алиев.
  2. Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов дайындалды. Төрага –Жанарбек Акаев.
  3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Миргуль Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев шайланды. Төрага – Аманкан Кенжебаев.
  4. Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы дайындалды. Төрайым – Динара Ашимова.
  5. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов шайланышты. Төрага – Азизбек Турсунбаев.
  6. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов шайланышты. Төрага –Бактыбек Сыдыков.
  7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмурбек Бакиров, Дастан Бекешев дайындалышты. Төрага –Данияр Төлөнов.
  8. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев шайланышты. Төрага – Сүйүнбек Өмүрзаков.

Мындан тышкары окуңуз

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

Көмүр казууга даярдык иштери 5 жылдагы эң жогорку натыйжаны көрсөттү

2026-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча "Кыргызкөмүр" ААКсы көмүр алуу үчүн 5 млн 314,1 миң куб метр катмарды казып, даярдык көрдү. Бул көрсөткүч акыркы беш жылдагы эң жогорку деңгээл болуп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,6 эсеге көп. Ишканадан билдиришкендей, аткарылган иштер кара алтынды

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Кочкор районундагы эс алуу багы жаңыланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Кочкор районунда аянты 4,8 гектар болгон эс алуу багы оңдолууда. Жаңылоо иштери 2025-жылдын октябрь айында башталып, Турукташтыруу фондунан каржыланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, долбоорго ылайык, эс алуу багында 9 метрлик флагшток, шахмат жана скейт аянтчалары, амфитеатр, балдар аянтчасы, веложол, отургучтар жана унаа токтотуучу жай курулат.

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Көгүлтүр отко карызы бар абоненттердин газы өчүрүлө баштады

Кыргызстанда 1-июлдан тартып дебитордук карызы бар абоненттерге жаратылыш газын берүү токтотула баштады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда карызы бар керектөөчүлөрдүн газын өчүрүү иштери жай мезгилинде гана жүргүзүлөт. Ал эми күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында мындай чара колдонулбайт. Абоненттер карызынын көлөмүн “Газпром Кыргызстан”

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарындагы борбордук аянт көрктөндүрүлүп, жарыктандырылды

Ош шаарында борбордук аянтты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана жарыктандыруу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Шаар мэринин тапшырмасына ылайык, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан аянт иретке келтирилип, көрктөндүрүлдү. Ошондой эле “Ошсвет” ишканасы тарабынан заманбап түнкү жарыктандыруу тутуму орнотулуп, учурда ал сыноо