Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле дыйкандарга жеңилдетилген үстөк менен насыя берүү үчүн «Айыл Банк» ААКга кошумча каржы булактарын бөлүү каралууда.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйтүлгөн болчу. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2022-жылы финансылык мекеменин уставдык капиталын 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле банк айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоону көздөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик