Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу токтоду

Кыргызстанда 11-октябрдан тарта 90 күнгө киргизилген көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу аяктаганын Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин берген маалыматы боюнча, учурда көмүрдүн баасы туруктуу, бааны мамлекеттик жөнгө салуу мезгилинде 460 сапарда 1801 соода түйүндөрү текшерилген.

Ишкерлерге бааны жогорулатпоо боюнча 546 билдирүү түшкөн, мыйзам бузууларды жоюу боюнча 197 буйрук жана 36 айып салынган.

Монополияга каршы орган көмүр базарына мониторинг улана бере тургандыгын белгиледи.

«Көмүр базары социалдык мааниге ээ, бирок ошол эле учурда рынокто Монополияга каршы орган тарабынан туруктуу экономикалык жана статистикалык мониторингдин зонасында үстөмдүк кылуучу субъектилер бар», – деп кошумчалады Монополияга каршы мамлекеттик кызмат.

Мындан тышкары окуңуз

2-июлга карата расмий валюта курсу белгилүү болду

2-июлга карата расмий валюта курсу белгилүү болду

Улуттук банк 2-июлга карата чет элдик валюталардын сомго карата расмий курсун жаңылады. Ага ылайык, доллар 87,45 сом, евро 99,66 сом деп белгиленди. Маалыматка ылайык, рубль- 1,11 сом, теңге - 0,18 сом, ал эми юань - 12,87 сом. Ошол эле учурда коммерциялык банктарда доллар орточо эсеп менен

Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Аламүдүн районунда 57,6 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

КРнын Эсептөө палатасы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2024-жылдагы бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудит жүргүздү. Анын жыйынтыгында жалпы 57 млн 588,4 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Анын ичинен 29 млн 495,2 миң сому

Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Совет айылынын 2 миңдей тургуну коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болот

Баткен облусунда "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын орто мөөнөттүү баалоо миссиясы өз ишин баштады. Миссияны суу менен камсыздоо жана санитария боюнча улук адис Одет Мушимпуа жетектөөдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдиргендей, иш сапардын алкагында делегация Кадамжай

Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузгандар бир айда 929 миң сом айып пул төлөштү

Ысык-Көлдө экологиялык мыйзам бузгандар бир айда 929 миң сом айып пул төлөштү

Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган тараптар бир ай ичинде жалпы 929 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул төлөштү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейин аймакта экологиялык мыйзам бузууларды аныктоо жана алдын алуу максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн. Рейддердин