Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5.5 млрд сом бөлүнөт

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 5.5 млрд сом бөлүнөт

Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) 5.5 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «ВБ» редакциясына берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, МИК азыр кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге турак жай берип бүтсө, андан кийин каалаган жарандарга 25 жылдык мөөнөт менен бериле баштайт.

Мындан тышкары Жапаров 1.5 млрд сом үрөн жана жер семирткичкерди сатып алуу үчүн, 1 млрд сом ирригацияга бөлүнгөнүн кошумчалады. «Кыскасы, кайсы тармактагы маселени ыкчам чечиш керек болсо, ошол тармактарга беребиз», – деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Тоң районунда 98 млн сомго мектеп курулду

Тоң районунда 98 млн сомго мектеп курулду

Курулуш министрлиги тарабынан Тоң районунун Ала-Баш айылында 550 окуучуга ылайыкталган заманбап мектеп курулду. Учурда мектептин айланасына асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1996 чарчы метрди түзөт. Мектепте заманбап окуу класстары, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, лаборатория, балдар

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Зергерчилик өнөр жайын колдоого МинКаб 87,1 млн сом жумшайт

Тиешелүү №276-т буйрукка 2026-жылдын 22-апрелинде Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документ ата мекендик зергерчилик тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо, Кыргызстанда өндүрүлгөн зергер буюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тармактагы ишканалардын өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү максатында кабыл алынган. Буйрукка ылайык, Финансы министрлигине Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети менен макулдашуу аркылуу долбоорду ишке ашыруу

Лейлектин Катраң айылында ичүүчү суу системасы курула баштады

Лейлектин Катраң айылында ичүүчү суу системасы курула баштады

Лейлек районунун Катраң айылында “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында жаңы ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын коопсуздук талаптарына жооп берген, туруктуу жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу.

Май айы DemirBank менен — аракетке өтүү убактысы!

Май айы DemirBank менен — аракетке өтүү убактысы!

Май майрам күндөрү — пландарыңызды ишке ашырууга эң ылайыктуу учур: саякат, оңдоо иштери, ири сатып алуулар. Жазгы акциянын алкагында DemirBank онлайн-кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөттү, эми сиз бардык пландарыңызды азыр эле ишке ашыра аласыз. 31-майга чейин гана: онлайн-кредит жылдык 18,99%дан баштап жана 200 000 сомго чейин — түз эле телефонуңузда.