2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?

2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?

2021-жылдын 12 айында «Кумтөрдө» 14 561 кг алтын өндүрүлгөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде «Кумтор Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк компаниянын ишмердүүлүгү боюнча отчетунда билдирди.

Бөлтүрүк былтыры жыл башынан бери компания 13.6 млрд сом суммасында салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгонун, ал эми пландаштырылган сумма 9 млрд сомду түзгөнүн, натыйжада, чегерүүлөр планы 150%га ашканын билдирди.

2021-жыл үчүн алтынды сатуудан түшкөн жалпы каражат 856 млн долларды түзүп, анын ичинен убактылуу тышкы башкаруу мезгилинде 621 млн доллар түшкөн.

Бирок жогоруда айтылган өлчөмдөгү алтын каякка сатылганы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКнын ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган болчу. «Кыргызалтын» камсыздоо талаптарын жоопкерчиликтүү аткарбагандыгы үчүн тизмеден чыгарылган. Ал эми «Кумтөрдүн» алтынын сатууга дал ушул «Кыргызалтын» ААКсы жооптуу.

Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Наталья Никитенко: «Кумтөр боюнча кырдаал барган сайын караңгы, түшүнүксүз болуп баратат. Алтын эч жерде сатылбайт, эки эсе көп кен казылып, бирок эки эсе аз алтын алынган, салыктар да аз төлөнгөн (алтын сатылбаса, салыкты кайдан төлөшкөнү белгисиз). Мындай шартта казынаны кантип толтурууга болот? – деп айткан эле.

Президент Садыр Жапаров канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экенин, учурда тараптар «КГК» компаниясын толугу менен КРга өткөрүп берүү тууралуу тынчтык келишимин талкуулап жатышканын билдирген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.