«Айыл Банктын» уставдык капиталын көбөйтүүгө 100 млн сом аз бөлүнөт

«Айыл Банктын» уставдык капиталын көбөйтүүгө 100 млн сом аз бөлүнөт

«Айыл Банктын» уставдык капиталын көбөйтүүгө (мамлекеттик үлүшү 100%) «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК түзүлгөндүгүнө байланыштуу (100% мамлекеттин катышуусу менен) 100 млн сомго аз болот.

Банктын уставдык капиталын көбөйтүүгө республикалык бюджеттен 2.5 млрд сомдун ордуна 2.4 млрд сом жумшалат.

Буга байланыштуу, Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматына ылайык, уставдык капиталды көбөйтүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди өзгөртүү үчүн «Айыл Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун өткөрүү зарылдыгы келип чыккан.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын аягында «Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйтүлгөн болчу. Банктын уставдык капиталы 2021-жылдын аягында 5.5 млрд сомду түзгөн. Ал эми 2022-жылы финансылык мекеменин уставдык капиталын 100 млн долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Ошондой эле аталган банк быйыл айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоону көздөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

"Рухтун жел кайыктары": Ысык-Көлдө эл аралык регата башталды

Иш-чаранын активдүү катышуучуларынын арасында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Россиядан келген ден соолугунан майыптыгы бар адамдар бар. 2026-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Ысык-Көлүндө "Рухтун жел кайыктары – 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз" эл аралык инклюзивдик долбоорунун биринчи этабы өтүүдө. Долбоор "Росатом" мамлекеттик

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик