Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды

Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды

Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунан товарларды жашыруунун схемалары колдонгон.

«Мындан тышкары, Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатында, Тышкы экономикалык ишмердиктин субъекттери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап тургандыгы аныкталды», – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

  • Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга ээлик кылган. «Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамда кызмат адамдарына ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде буга Министрлер Кабинетинде жана Президенттин Аппаратында да эч ким көңүл бурган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан