Коррупцияга шектелип жаткан Бажы төрагасы Адилет Кубанычбеков өзүн күнөөлүү деп эсептебейт

Коррупцияга шектелип жаткан Бажы төрагасы Адилет Кубанычбеков өзүн күнөөлүү деп эсептебейт

Дайындалганына 2 ай болгон Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалганын УКМКнын маалымат кызматы билдирген болчу. Бирок ал өзүн күнөөлү деп эсептебейт. Бул тууралуу ал кечээ, 19-январда журналисттерге билдирди.

Айыпталуучу Адилет Кубанычбеков кармалганын негизсиз жана өзүн күнөөсү жок деп эсептейт.

Бул саясий буйрук болушу мүмкүнбү деген суроого «Менин кармалганым туура эмес», – деп жооп берди ал.

Эскерте кетсек, Бажы кызматынын жетекчилигине товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен параларды системалуу түрдө алып туруу үчүн бажы башкаруусунун жашыруунун схемаларын колдонгон деген айып тагылып жаткан.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

  • Эске салсак, Кубанычбеков бул кызматка дайындалган учурда «Silk Way» паркына жана дагы төрт компанияга ээлик кылган«Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамда мамлекеттик кызматкерлерге ишкердик менен алектенүүгө же чарбалык субъекттерди башкарууга катышууга тыюу салынганына карабастан, ошол кезде Министрлер Кабинети же президенттин Аппараты деле буга көңүл бурган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.