Бишкекте «Германиялык экономиканын күндөрү» бизнес-форуму өтөт

Бишкекте «Германиялык экономиканын күндөрү» бизнес-форуму өтөт

Бишкекте май айынын ортосунда «Германиялык экономиканын күндөрү» бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу инвестициялык агенттик (KADI) билдирди.

Уюм ошондой эле иш-чаранын алдында кыргыз-герман бизнес кеңеши түзүлөөрүн, ал Германия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга эффективдүү кадам болуп, кийинчерээк эки өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болоорун билдирди.

Бизнес-форумдун алкагында энергетика секторун, агроөнөр-жай комплексин, маалыматтык технологияларды жана туризмди талкуулоо боюнча панелдик тематикалык сессиялар, ошондой эле жеке B2B жолугушуулары өткөрүлөт.

  • Бизнес-форумга катышуу үчүн бул шилтеме аркылуу арыз толтуруу керек. Арыздар 2022-жылдын 18-февралына чейин кабыл алынат.
  • Кошумча суроолор боюнча: 0777 33 77 44, 0997 99 99 49 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.