Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүүдөн баш тартты

Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүүдөн баш тартты

Президент Садыр Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорунан баш тартты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналына билдирди.

Ал белгилегендей, бул демилге көптөгөн талаш-тартыштар жана талкуулар менен коштолду.

«Биз эки жолу президенттин каршы пикирине макул болдук, үчүнчү жолу мыйзам долбоорунун таптакыр кереги жок деп айтты. Мен бул мыйзам долбооруна бир нече жолу каршы добуш берип, менин позициям туура болуп чыкты. Болду, бул документтин Министрлер кабинетине да, президентке да кереги жок. Бул долбоордун айынан канча тартыш, талкуулар болду,канча убакыт текке кетти», – деди депутат.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында Жогорку Кеңеш Кыргызстанда экономикага өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзам кабыл алган. Мыйзам бир эле учурда үч окууда кабыл алынган болчу. Аталган мыйзам кабыл алынганга чейин коомдук угуулар болгон эмес, ал тургай регулятивдик таасирди талдоо да жүргүзүлгөн эмес.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.