Экономика министрлиги Гонконг менен кош салыкты жоюу боюнча келишимди талкуулоодо

Экономика министрлиги Гонконг менен кош салыкты жоюу боюнча келишимди талкуулоодо

Экономика министрлиги кош салыкты алып салуу боюнча Гонконг менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын аяктады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Гонконгдун ортосунда 17-21-январында видеоконференция форматында кирешеге жана капиталга салынган кош салыкты алып салууну макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Министрлик онлайн жолугушуунун алкагында тараптар аталган келишим долбоорунун беренелерин талкуулап, тиешелүү маалымат алмашышканын билдирди.

Кош салык салуу – бул ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен кирешеге бир убакта салык салуу. Эл аралык кош салык – бир эле убакта 2 (же андан көп) мамлекетте салык төлөөчүгө бир эле объект үчүн салыштырмалуу окшош салык салуу. Э. к. с. товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алмашууга, капиталдардын, технологиялардын жана адамдардын кыймылына терс таасирин тийгизет. Бул негизги 2 ыкма менен жоюлат: бир тараптуу (ички салык мыйзамынын жардамы менен) жана көп тараптуу (2 же андан көп мамлекеттин ортосундагы кош салык алуудан качуу жөнүндөгү келишимдердин жардамы менен).

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.