КЭР Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча КР даярдаган документтерди карап жатат

Кыргызстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча бардык документтерди даярдап, кытай тарапка өткөрүп берди. Бул тууралуу кечээ, 24-январда «Биринчи радионун» уктуруусунда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өткөн жылдын октябрь айында бардык долбоорлоо жана келишимдерди даярдоо иштерин бүтүргөн.

Усубакуновдун айтымында, учурда Кытай документтер менен таанышууда. Кошумчалай кетсек, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору келерки айда Кытайга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды