Энергетика министрлиги жыл аягына чейин 1000 мегаватт электр энергиясын өндүрүүнү пландоодо

Быйыл үч чакан ГЭСтин курулушу башталат. Оптимисттик божомол менен жыл аягына чейин кошумча 1000 мегаватт киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кечээ, 26-январда ЖКнын жыйынында билдирди.

Депутат Эмиль Токтошев Энергетика министрине Токтогул суу сактагычында суу аз калгандыгына байланыштуу башка электр жарыгын өндүрүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын сурады.

«Быйыл үч чакан ГЭСтин курулушу башталат. Анын ичинен 25 мегаватт кубаттуулугу менен Бала-Саруу ГЭСти жылдын аягына чейин бүтүрүүгө аракет кылабыз. Андан тышкары, 1-2 күн энергия станциясын ишке берүү мүмкүнчүлүгү бар. Арап, Кытай, Түркия өлкөлөрүнөн келген инвесторлор менен тарифтик саясатты талкуулап, бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөрүбүз финишке чыгып калды. Оптимисттик божомол менен жыл аягына чейин 1000 мегаватт киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, – деди министр.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды