Баткендин чек арага жакын аймагындагы турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат

Баткендин чек арага жакын аймагындагы турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилгенин кабинеттин маалымат кызматы билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. 

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал туруктуу. Тараптар окуянын себептерин иликтөө боюнча биргелешкен комиссия түзүүнү, чыр-чатактын чыгышы менен үйлөрүн таштап кеткен жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну, тиешелүү чек ара сызыгынан аскердик түзүмдөрдүн бардык бөлүктөрүн чыгарууну, бардык жолдордун ачылышын, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну макулдашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев учурда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгы боюнча Жапаров тийиштүү коомдук коопсуздукту, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсүн, инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайларды мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү