Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү

Бүгүн, 28-январда Бишкекте Кыргызстан – Азербайжан бизнес-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КРнын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага КРнын Инвестициялар агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов, КРнын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев, Азербайжандын КРдагы элчиси Латиф Гандилов, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Бахтияр Мухамедзиев жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, соңунда ишкерлер ортосунда В2В жана В2G жолугушуулар өттү. Анын жүрүшүндө эки тарап кызматташууну түздөн-түз талкуулай алышты.

Азербайжандын инвестициялар, бизнести өнүктүрүү, энергетика жана агрардык иликтөөлөр жаатындагы мамлекеттик органдардын башчыларынан турган эксперттик топту өлкөнүн экономика министринин орун басары Ниязи Сафаров жетектеп келди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды