Ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө 1 млрд сом бөлүнөт

Ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө 1 млрд сом бөлүнөт

Бүгүн, 28-январда «Элдик» депутаттык тобу жазгы айдап-себүү иштерине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык боюнча маалымат укту. Анда Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ирригация тармагын оңдоп-түзөөгө, тиешелүү иштерди жүргүзүүгө, айрыкча, суу куурларын жаңылоого 1 млрд сом каралып жатканын билдиргенин ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Министрдин маалыматына караганда, 2021-жылы айыл чарба каналдарын оңдоп-түзөөгө, гидротехникалык курумдарга жана каналдарга 163 млн сом сарпталган.

Депутаттар жазгы айдап-себүү ишине күйүүчү-майлоочу каражаттарды, үрөндөрдү, минералдык жер семирткичтерди арзан баада камсыздоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, айдоо аянттарын кеңейтүү, андан тышкары, сугат иштерине даярдык көрүү маселелерин көтөрүштү.

Эскерте кетсек, быйыл жазында дыйкандарга жазгы талаа иштерине 50 миң тоннага чейин күйүүчү май керектелет. Ал эми буга чейин Министрлер кабинети Айыл чарба министрлигине сугат иштерине жана үрөн сатып алууга 2 млрд сом бөлүнөөрүн убадалаган. Ошондой эле «Айыл Банк»  айыл чарба секторун 200 млрд сомго дейре насыялоону көздөөдө.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.