«Керемет Банктын» директорлор кеңешинде дагы жаңы дайындоолор болду

Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) «Керемет Банк» ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өткөнүн кабарлады.

Жыйында директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп Бакыт Жумашев жана Рысбек Жумаканов дайындалды. Жолугушуу 2022-жылдын 21-январында болуп өткөн.

Эске салсак, жакында эле Улуттук банк «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешиндеги жаңы дайындоолорго макулдук берүү чечимин кабыл алган болчу.

Ага ылайык:

Улуттук банк тарабынан «Керемет Банк» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы/ көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Давлесов Айбек Насыровичтин, директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Карпович Станислав Евгеньевичтин жана банктын төрагасы кызмат ордуна Мамытова Кастору Касымбековнанын талапкерлиги жактырылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды