Чек ара: Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатат

Чек ара: Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатат

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде жабык жыйын өткөрүп жатканын Облустук администрациянын басма сөз кызматы 28-январда саат 09:46да маалымдады.

Маалыматтарга таянсак, Баткен менен Согд облусунун жетекчилери 28-январда эки өлкөнүн чек арасындагы Достук айылында жолугушат.

УКМКнын маалымат кызматы, 28-январдын эртең мененки саат 08:00гө карата чек арадагы абал туруктуу деп кабарлаган.

Эскерте кетсек, 27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу башталган. Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы «тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын» маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде, Төрт-Көчөдө чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен  – Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен менен Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынган.

Алар:

  • ок атууну токтотуу
  • эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү
  • Баткен – Исфана автожол каттамын ачуу
  • чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын-алып чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эки өлкөнүн делегациялары чыр башталган Төрт-Көчө деген жерге барышты. Ал жерде азыр Баткен-Исфана жолу боюнча кыймыл тоскоолдуксуз жүрүп жатканы маалымдалды. Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, кыргыз тараптан 11 адам жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.