Электр энергиясына тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү

Электр энергиясына тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 кВт/с электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

«Үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта (айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө) 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн тариф 50 тыйынга чейин төмөндөтүлдү.

Ошондой эле Министрлер кабинети 2021-жылдын социалдык-экономикалык жыйынтыктары боюнча энергетика тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөр жана долбоорло тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

  • Кыска убакыттын ичинде «Муз-Төр» чек ара заставасын электр менен камсыздоо», «Баткен облусунун Арка массивин электр менен камсыздоону жакшыртуу» сыяктуу орчундуу долбоорлор жыйынтыкталды, алардын ишке ашырылышы энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап, Баткен облусунун электр менен камсыздоо сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берди.
  • Баткен облусунун аймагындагы жерлерди алуу маселелери да чечилип, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баткен облусунда кубаттуулугу 500 кВ электр линиясынын курулушу башталды.
  • Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча иш-чаралар активдүү жүрүүдө, анын алкагында №4 гидроагрегаттын жабдуусун монтаждоо иштери жүрүп жатат.
  • Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушун баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.
  • Энергетика тармагынын туруктуу жана ишенимдүү ишин жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында 2021-жылдын 30-сентябрында 2021-2025-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген.

Мындан тышкары окуңуз

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү