«Манас» аэропортунан кайда учса болот? – тизмеси

«Манас» аэропортунан кайда учса болот? – тизмеси

«МЭА» ААКнын түзүмүнө Кыргызстандын 11 аэропорту кирет: 5 эл аралык жана 6 аймактык.

«МЭА» ААК аэропортторунун маршруттук тармагы 25 багытты камтыйт:

  • 19 багыт боюнча эл аралык аба линиялары
  • 6 багыт боюнча ички аба линиялары.

Бүгүнкү күндө «МЭА» ААКнын маалымат кызматы билдиргендей – «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү багыттар боюнча каттамдар аткарылууда:

Эл аралык аба линиялары:

  • Казахстан (Алматы, Нур-Султан, Туркестан)
  • Өзбекстан (Ташкент)
  • Турция (Стамбул, Анталия)
  • РФ (Екатеринбург, Иркутск, Казань, Красноярск, Москва, Новосибирск, Санкт-Петербург, Пермь, Калуга, Оренбург, Самара, Казань, Нижний Новгород, Кемерово, Минеральные воды, Тюмень ж.б.)
  • Индия (Дели)
  • БАЭ (Дубай, Шарджа)
  • Кувейт (Эль-Кувейт)
  • Иран (Мешхед)

Ички аба линиялары:

  • Бишкек, Ош, Баткен, Исфана, Жалал-Абад жана Тамчы.
  • Каттамдардын сезондук жүгүртмөсүн бул сайттан тапса болот: www.airport.kg

Мындан тышкары окуңуз

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү