Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 2021-жылы 2.1 млрд сомдон ашты

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 2021-жылы 2.1 млрд сомдон ашты

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттеринин кирешеси 81%га өсүп, 2 млрд 117 млн ​​сомго жетти (азыркы курс боюнча дээрлик 25 млн доллар). Анын ичинде ІV кварталдын жыйынтыгы боюнча киреше 759 млн сомду түзгөн (өсүү 2.2 эсе). Мындай маалыматты парктын директору Чубак Темиров билдирди.

Өткөн жылы ЖТПда 97 резидент компания иштеген. Бул компаниялардын кызматкерлеринин орточо саны 1055 адамды түзөт (2020-жылга карата +52%). Бирок ІV кварталда кызматкерлердин орточо саны 1306 адамга жеткен.

2021-жылы ЖТП компаниялардын эмгек акы фонду 68%га өсүп, 771 млн сомду түзгөн. Өзүнчө патент менен иштеген кызматкерлердин төлөмдөрү 213 млн сомго жеткен (3.3 эсеге өскөн).

Мамлекеттик бюджетке жана Соцфондго чегерүү жана төлөмдөр дээрлик 62 млн сомду түзүп, анын ичинде киреше салыгы 37.6 млн сом (+74%), социалдык чегерүү (+41%) 24 млн сомго жеткен.

ЖТПнын негизги киреше булагы АКШ, Россия, Казакстан жана Кипр сыяктуу чет мамлекеттик кардарлар болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү