Акылбек Жапаров: Натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүү керек

Акылбек Жапаров: Натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүү керек

Биз натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүшүбүз керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн техника, үрөн, алдыңкы технологиялар, өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыноктору менен камсыз кылып, бардык зарыл шарттарды түзүү керектигин айтты.

Жапаров белгилегендей айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга1.5 млрд сом, ирригацияга 1 млрд сом бөлүнгөн.

«2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-9» программасынын алкагында 10 407 айыл чарба өндүрүүчүсү жеңилдетилген насыяларды алган. Быйылкы жылы да айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдү жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 1.5 млрд сом бөлүнгөн. Биз натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүшүбүз керек», – деди ал. 

Кабинеттин маалымат кызматы жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланганын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан