«Газпромнефть» «Ош» аэропортунун май куюучу комплексинин 51% акциясына ээ болду

«Газпромнефть» «Ош» аэропортунун май куюучу комплексинин 51% акциясына ээ болду

«Газпром Нефть» компаниясынын авиациялык күйүүчү май бизнесинин оператору болгон «Газпромнефть-Аэро» Кыргызстандагы «Ош» эл аралык аэропортунун май куюучу комплексинин уставдык капиталынын 51% үлүшүн сатып алуу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Жаңы ишкана «Ош» аэропортунан ички жана эл аралык каттамдарды май менен камсыздайт. Авиа күйүүчү май «Газпромнефть» ААКнын Омск мунай иштетүүчү заводунан берилет.

«Газпромнефть-Аэро» ЖЧКсынын башкы директору Владимир Егоровдун айтымында, «Газпромнефть-Аэро» компаниясынын 2030-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын негизги багыттарынын бири – өзүнүн бөлүштүрүү тармагын 100дөн ашык май куюучу комплекстерге чейин кеңейтүү болуп саналат. Оштогу жаңы авиа күйүүчү май жайы компаниянын 66-май куюучу комплекси жана Кыргызстандагы экинчиси болуп калды.

«Буга чейин 2011-жылы республиканын борбордук аэропорту болгон «Манас» аэропортунан учактарга май куюп баштаганбыз. Ошто май куюучу комплексти алуу биз үчүн авиа күйүүчү май тармагын өнүктүрүүгө маанилүү инвестиция болду. «Газпромнефть-Аэро» компаниясы Ош шаарындагы май куюучу комплекстин инфраструктурасын учактарды жерде тейлөө боюнча эл аралык стандарттарга ылайык өнүктүрүүнү пландоодо. Ошондой эле күйүүчү майдын сапатын, өнөр жайдагы жана экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишкананын бирдиктүү техникалык саясаты киргизилет», – деди Егоров.

Ош аэропорту Кыргызстандын түштүк аймактарын Бишкек менен байланыштырган эң маанилүү транспорттук хаб болуп саналат. Аэропорт ички аба транспортунан тышкары, Москва, Дели жана Стамбул сыяктуу 30дан ашык багыттарга эл аралык каттамдарды аткарат.

Каттамдарды Avia Traffic, Air Manas, Tez Jet, Jazeera Airways, Aeroflot, S7 Group, Nordwind, Ural Airlines жана башка авиа компаниялар аткарышат.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан