КРда экономика орточо деңгээлде калыбына келүүдө. Январда инфляция – 11.1% түздү

КРда экономикалык жигердүүлүк орточо деңгээлде калыбына келүүдө. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүшү 3.6%ды, Кумтөрдү эске албаганда 3.9%ды түзгөнүн Улуттук банк билдирди.

  • Кызмат көрсөтүү жана өнөр жай секторлорунда оң салым белгиленген.
  • Айыл чарбасында жана курулушта өндүрүштүн кыскарышы экономиканы калыбына келтирүүдө тоскоолдук жараткан фактор болуп калды.

2022-жылдын январь айында (21-январь) инфляция жылдык мааниде 11.1%ды түзгөн, жыл башынан бери баалар 0.9%га өскөн.

УБ баа динамикасына негизги басым дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын өсүшүнүн уланып жатышынан жана 2022-жылдын январында алкоголдук жана тамеки заттарына акциздердин пландалган жогорулашынан келип чыккан. Үстүбүздөгү жылы күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын өсүшү инфляцияга кошумча салымын кошуп жатканын белгиледи. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды