Кыргызстанда 1.4 млн автоунаа бар

Кыргызстанда 1.4 млн автоунаа бар

1995-жылдан тартып республикада автоунаалардын саны он эсеге өстү. Учурда Кыргызстанда 1.4 млн автоунаа бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин Парламенттик угууда билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташый турган 4500 машине, жүк ташыган 213 миң машине бар.

«Ага жараша күйүүчү-майлоочу майдын (КММ) сарпталышы да көбөйүп жатат, бензин көлөмүн алып көрсөк, Россиядан келген КММнын квотасын 460 миң тоннадан 650 миң тоннага чейин көбөйттүк. Жылдык керектөө барган сайын өсүүдө», – деди Аалиев.

Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канат Эшатовдун айтымында, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык ички керектөөсү 1.4 млн тоннага жетет.

Бул парламенттик угууда Аалиев жол фондун түзүүнүн оң жактарын белгилеп, жол тармактарын каржылоодо эл аралык тажрыйбаларды мисал келтирди.

«Өнүккөн Россия, АКШ, Япония сыяктуу өлкөлөрдү карап көрсөк, аларда жол фонду түзүлөт экен жана негизги булагы болуп – КММга болгон салыктар эсептелет экен. Дүйнө жүзү боюнча бензиндин ар бир сатылган литринин акыркы баасында 50-70%га чейинки салыктар кошулат экен. Биздин өлкөдө 1 литр КММ, мисалы, АИ-98 маркасындагы бензинге салыктын ставкасы 25%, АИ-80 маркасына 30%, дизелдик майга болсо 15%ды түзөт. Бул КНС, сатуудан түшкөн салык жана акциз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Эскерте кетсек, өткөн жылы ушул мезгилде күйүүчү май 32 сомдун тегерегинде болуп жатса, март айынан тартып, кескин көтөрүлө баштап, ал жыл ичинде 70%га өскөн.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан