Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?

Улуттук банк бүгүн, 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн 10-13 кг алтын куймаларын сатыкка чыгарганын билдирди.

Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт. 

Алтын куймаларынын баасы канча?

Улуттук банк 12 килограммдан 13 килограммга чейинки куймаларды сатыкка койду. Эң кичине куймасынын баасы 58 млн сом (12.3 кг) болсо, эң чоңу – 64 млн сомдон (13 кг) ашат.

Куйманын №Куйманын химиялык таза салмагы, гКуйманын сатуу баасы, сом
2020312 967.6063 468 482.92
2020412 458.7060 977 654.23
2020512 610.9061 722 680.24
2020613 076.6064 001 905.72
2020712 033.5058 896 635.51
Алтын куймаларын кантип жана кайсы жерден алса болот?
  • Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (алтын өндүрүү жана иштеп чыгуу ишканаларын эске албаганда) аффинаждалган алтын куймаларын сатуу, акча каражаттарын УБнын эсебине которуу аркылуу анын борбордук жүгүртүү касса тобу тарабынан нак эмес формада жумуш күндөрү саат 9:00дөн 15:00гө чейин Бишкек шаары, Yмөталиев көчөсү 101 дарегинде ишке ашырылат (тел. 0312 66-91-42, 0312 66-91-41).
  • Сатып алуучу акча каражаттарын УБнын эсебине которгонго чейин аффинаждалган алтын куйманын номерин 0312 66-91-42 телефону аркылуу маалымдоого тийиш. 
  • Сатуу баасы УБ тарабынан ар бир аффинаждалган алтын куймага өзүнчө белгиленет жана ал күнүмдүк негизде регулятордун расмий интернет-сайтында жарыяланып турат.  
  • УБ аффинаждалган алтын куймаларын кайра сатып албайт. 
  • УБ күнүнө 5 (беш) куймадан ашпаган санда аффинаждалган алтын куймаларын сатууну ишке ашырат.
  • Аффинаждалган алтын куймалары УБнын эсебине акча каражаттары түшкөндөн кийин ошол эле күнү саат 15:00дөн кечиктирилбестен берилет.   

УБ аффинаждалган алтын куймаларын сатууну чектеши мүмкүн.  

Сатып алуу тууралуу толук маалыматты Улуттук банктын расмий сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан