Air Manas Сауд Аравияга Бишкек – Жидда каттамын ачат

2022-жылдын 6-февралында «Эйр Манас» ата мекендик авиакомпаниясы Бишкек – Жидда багыты боюнча биринчи чартердик рейсти аткарууну пландаштырууда. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Рейс жумасына бир жолу (жекшемби күндөрү) аткарылат, андан ары каттамдардын санын жумасына 4кө чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ош жана Жидда шаарларындагы аэропорттордун каттоо системаларын интеграциялоо иштери аяктагандан кийин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Ош – Жидда багыты боюнча аба каттамдарын ачууну пландоодо.

Кененирээк маалымат алуу үчүн «Эйр Манас» компаниянын кеңсесине кайрылуу керек.

2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган КР менен Сауд Аравия Королдугунун өкмөттөрүнүн ортосундагы аба байланышы жөнүндө макулдашуунун негизинде КРнын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында аталган аба каттамы ачылуу алдында турат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды