Ар бир сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиш керек

Ар бир сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиш керек

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.

Ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиши керек.

Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.

Бирок, кардарларга слип-чек же эквайринг чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилүүдө. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.

Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тактап айтканда анда төмөнкүлөр болушу абзел:

  • субъект жөнүндө, башкача айтканда, сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар
  • төлөөнүн формасы жана КРнын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар
  • сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу (0312)61-31-89 ишеним телефону же (0779)61-31-89 (WhatsApp) мобилдик номери аркылуу билдирүүгө чакырат.

«Кассалык чек – бул сатып алуучунун укуктарын коргоо кепилдиги жана сатуучунун ишенимдүүлүк көрсөткүчү», – дейт МСК.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан