Караколдо «Дос Кредо» банктын кеңсесинде өрт чыкты

Караколдо «Дос Кредо» банктын кеңсесинде өрт чыкты

Бүгүн таңкы саат 07:10 чамасында Каракол шаарындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан «Дос Кредо» банктын кеңсесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:27де чектөөгө алып, саат 08:05де толугу менен өчүрүлгөн.

ӨКМ жалпысынан имараттын ичинин эки чарчы метри жана бир пластик терезе күйгөнүн, учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатканын кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан