КРга сентябрга чейин кумшекер жана 70 миң тонна кант камышы бажы алымысыз келет
2022-жылдын 31-августуна чейинки мөөнөттө ички керектөө үчүн кумшекерди жана жалпы көлөмү 70 миң тонна кайра иштетилүүчү кант камышын үчүнчү өлкөлөрдөн КРнын аймагына убактылуу бажы алымысыз ташып келүү жөнүндө чечим кабыл алынганы тууралуу Министрлер кабинети 100 күндүк отчетунда билдирди.
2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде КРнын Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү алкагында 2025-жылга чейинки өнөр-жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн 50-60%ын гана жабат. Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет.