Министрлер кабинети 100 күндүк отчетун берип жатат – эмне өзгөрдү?

Министрлер кабинети 100 күндүк отчетун берип жатат – эмне өзгөрдү?

Министрлер кабинети 100 күндүк ишинин жыйынтыгында бир катар жасалган иштеринин натыйжалары тууралуу билдирди.

Алар:

  • Азык-түлүк коопсуздугун, күнүмдүк зарыл товарлар менен камсыз кылуу жана социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында, эттин айрым түрлөрүнө, бодо малдын этин ташып келүүдө бажы алымдарынын ички квоталык нөлдүк ставкаларына тийиштүү Бажы бирлигинин Комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 2021-жылдын 12-ноябрындагы № 116 чечими кабыл алынды.
  • Бажы биримдигинин Комиссиясынын ак кантка жана чийки камыш кантына тийиштүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр киргизилди, анын натыйжасында КРга бөлүштүрүлгөн квотанын көлөмү жогорулатылды (ЕЭК Кеңешинин 2021-жылдын  2-декабрдагы № 140 чечими).
  • Ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна өткөрүү боюнча жол картасы иштелип чыкты.
  • КРда электрондук коммерцияны жүзөгө ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү максатында 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 «Электрондук соода жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган жана КРда 2022-2027-жылдарга электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча Программанын долбоору иштелип чыккан.
  • Курал-жарактарды жана аскердик техниканы, ошондой эле башка аскердик буюмдарды импорттоону жана экспорттоону лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо бекитилди. 

Төмөнкү тыюу салуулар киргизилди:

  • колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдөрдү жана катализаторлордун курамындагы баалуу металлдардын калдыктарын КРнын аймагынан чыгарууга
  • КРдан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын убактылуу ташып чыгууга
  • калыбына келтирилген кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) КРдан ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары убактылуу ташып чыгууга тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан