Президент криптовалютанын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров криптовалютанын жүгүртүүсүн жөнгө салуучу «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам блокчейн, виртуалдык актив, виртуалдык актив капчыгы, майнинг, майнинг жабдуулары, өнөр жай майнинги, виртуалдык активдерди сатуу оператору (криптобиржа), санариптик токен, виртуалдык актив эмитенти жана башкалар сыяктуу түшүнүктөрдү киргизет.

Ошол эле учурда мыйзам баалуу кагаздар, валюталар, электрондук акчалар, резервдер, салымдар (депозиттер) жана кумар оюндары чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө жайылтылбайт.

Жапаров кол койгон «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 6 айдан кийин күчүнө кирет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды