Өткөн жылы ысыктан жана суунун жетишсиздигинен түшүм эки эсе кыскарды

2021-жылы кылкандуу дан эгиндеринин дүң жыйымы өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе кыскарган. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө айтылат.

Акыркы статистикага ылайык, 2021-жылдын аягында 577 миң гектар аянттан кылкандуу дан эгиндери жыйналган. Чабылган аянттан 1.3 млн тонна түшүм алынган (кайра иштетүүдөн кийинки салмакта), бул 2020-жылга салыштырмалуу 28.4%га аз. Анын ичинде буудайдын дүң жыйымы – 42.3%га, арпаныкы – 46.3%га, жүгөрү даны – 3.2%га кыскарган.

«Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жай мезгилиндеги температуранын нормадан жогору болушу жана вегетация мезгилинде суунун жетишсиздиги себеп болду», – деп айтылат Улутстаткомдун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, 2021-жылга май өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 25.4%, кант кызылчасы – 18.5%, бак-дарак – 14%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 4.4%, картошка – 2.9% жана жашылча – 1.5%га азайган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды