Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары алмашты

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары алмашты

Айнура Орозбаева Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 2-февралда президенттин Администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Алтынбек Эргешов Улутстаткомдун эмгек жамаатына төраганын жаңы биринчи орун басары Айнура Орозбаеваны тааныштырды.

Ал эми Самат Насирдинов өз каалоосу менен Улутстакомдун төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан парктын курулушу менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы А.Пушкин атындагы сейил бакты оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына сейил бактын жалпы аянты 7,5 гектарды түзөрү маалымдалды. Оңдоп-түзөөнүн алкагында административдик имарат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Каракол шаарына 75 автобус сатылып алынат

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчү автобустар да көрсөтүлдү.  Учурда Каракол

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Өрүктү айылында 132 млн сомго 275 орундуу мектеп салынды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Өрүктү айылында 275 орундуу жалпы билим берүүчү орто мектеп курулду. Окуу жай сентябрдан баштап пайдаланууга берилет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдиргендей, имараттын курулушу мамлекеттик казынадан каржыланып, жалпы наркы 132 миллион сомду түздү. Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 665 чарчы

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору