Жогорку соттун судьясынын кирешеси дээрлик 7 млн сомду түзөт

Жогорку соттун судьясынын кирешеси дээрлик 7 млн сомду түзөт

«Клооптун» журналисттери Жогорку соттун судьяларынын 2020-жылга карата декларацияларын текшерип, жыл ичинде эң эле көп киреше тапкан беш адамдын тизмесин түзгөн.

Декларацияга ылайык, 2020-жылы судья Нурсейит Арапбаев 6 млн 889 миң сом киреше алган. Административдик иштер боюнча коллегиянын мүчөсү Арапбаевдин ал убакта 1 млн сомдон ашык сумманы түзгөн малы, тиричилик техникасы жана эмеректери болгон. Калган төрт судьянын да кирешелеринин 1 млн сомдон ашканы аталган иликтөөдө көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, жакында эле социалдык тармактарда жана ЖМКларда Жогорку соттун судьяларынын аты-жөнү, банктык карталардын номерлери жана алар 2021-жылдын октябрь айында алды делген маяналардын суммасы көрсөтүлгөн документ жарыяланып кеткен.

Сүрөттөн судьялардын басымдуу бөлүгү бир айда 23-94 миң сомго чейин, ал эми тизмедеги эки судья — 423 жана 454 миң сомдон айлык алышканын көрүүгө болот.

Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы ал расмий кагаз эмес экенин, аны олуттуу маалымат катары кабыл алууга болбой тургандыгын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан