Бирдиктүү салыктын 8% жаңы ставкасы рестораторлорду көмүскөгө кетүүгө түртөт – Аскар Сыдыков

Бирдиктүү салыктын 8% жаңы ставкасы рестораторлорду көмүскөгө кетүүгө түртөт – Аскар Сыдыков

Коомдук тамактануу жайларына коюлган бирдиктүү салыктын 8%дык жаңы ставкасы ишкерлерди көмүскөгө кетүүгө мажбурлайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

ЭИКтин жетекчиси Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык – 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын максималдуу 8%дык ставкасы чоң тойканалар үчүн да жана кичинекей тамактануу жайлары үчүн белгиленгенин эске салды.

Бул көрсөткүч бизнес үчүн өтө жогору болуп саналат. Рестораторлордун айтымында, орто эсеп менен алардын ишканаларынын рентабелдүүлүгү болжол менен 15%ды түзөт, демек, алар анын 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес, анткени бул алардын бизнесин чыгашага учуратат.

«Алар көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушат. Себеби, бизнесин жаап кое алышпайт, анткени кредитин төлөшү керек, үй-бүлөсүн багыш керек, кызматкерлерине айлык берүү сыяктуу көптөгөн милдеттерди аткарыш керек. Алар текшерүүчү жана фискалдык органдар, салык кызматы менен сүйлөшүүгө мажбур болушат.

Бул салык органдары менен иштешүүдө дагы чоң коррупцияга алып келиши мүмкүн. Рестораторлор бизге билдиргендей, ишканалардын 80-90% салык келишими менен иштеген, бирок жаңы Салык кодексинде бул өзгөчө режим жоюлуп кетти. Ошондуктан алар азыр альтернативдүү режимди – же жалпы, же бирдиктүү салыкты тандоого аргасыз болушат», – дейт Сыдыков.

ЭИКтин башчысы коомдук тамактануу жайлары жалпы салык режими менен иштеши рентабелдүү эместигин, анткени алар КНСти кайтара албаганын, себеби, азыктарды базардагы чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн сатып алышаарын кошумчалады.

«Рестораторлор» дегенде биз базардагы кичинекей кафелерден баштап, борбордогу чоң майрамдык залдарга чейин бардык коомдук тамактануучу жайларды түшүнүшүбүз керек. Андыктан бул салык кичине жайдан чоңдоруна чейин, баарынан мурда региондорго таасири тиет», – деди Сыдыков.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган