«KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алынат

Министрлер Кабинети «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун жактырганы кабинеттин 100 күндүк отчетунда айтылат.

Министрлер кабинети алынган грант мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүүгө пайдаланылат деп билдирди.

Ошондой эле кабинет «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5.3 млрд сомго чейин көбөйткөнүн, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет деп ишенгенин билдирди.

2021-жылдын 31-декабрына карата 1567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды