Өмүрбек Текебаев КРнын Германия, Норвегия, Дания, Швеция, Польша жана Ватикандагы элчиси болуп дайындалды

Өмүрбек Текебаев КРнын Германия, Норвегия, Дания, Швеция, Польша жана Ватикандагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевди Кыргызстандын Германиядагы элчиси кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы кызматынан, ошондой эле Берлиндеги резиденциясы менен бир убакта Норвегиядагы, Даниядагы, Швециядагы, Ватикандагы жана Польшадагы элчиси кызматынан бошотулду.

Текебаев эми Кыргызстандын бул өлкөлөрдүн резиденциясы Берлинде жайгашкан элчиси болот.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган