МСК ЭИКтин директору Сыдыковду коомчулукту «козутпоого» чакырды

МСК ЭИКтин директору Сыдыковду коомчулукту «козутпоого» чакырды

Мамлекеттик Салык кызматы Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыковду негизсиз айыптоолордон алыс болууга чакырды.

3-февралдагы онлайн брифингде Сыдыковдун «салык кызматкерлери ай сайын ишкерлерден пара талап кылып жатат» деген билдирүүсүн МСК «дооматтар чындыкка дал келбейт» деп билдирди.

«МСК ЭИКтин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдон коомчулуктун тынчын албай, негизсиз айыптоодон алыс болууну өтүнөт. Салык кызматы абройлуу ЭИК «рестораторлор билдиришүүдө» дегенге таянып, конкреттүү фактыларсыз айыптоолорду такканына кейийт», – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, онлайн брифингде ЭИКтин жетекчиси Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып атайын коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын максималдуу 8%дык ставкасы тууралуу пикирин да билдирген. Сыдыков бул ставка бизнес үчүн өтө жогору болуп саналаарын, рестораторлор 15%дык кирешесинин 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес экенин, алар көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушаарын да айткан эле.

  • Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди салык органдары тарабынан акча талап кылуу, этикага жатпаган, орой жүрүм-туруму жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча (0312)61-31-89 ишеним телефонуна же WhatsApp (0779)61-31-89 мобилдик номуруна билдирүүнү же болбосо, укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Кум айылында 48,8 млн сомго курулган бала бакча толук даяр болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мекеме республикалык казынанын эсебинен курулуп, долбоорго 48,8 млн сом жумшалган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 989 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдардын уктоосу, тарбиялык сабактарды өтүүсү

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

Кыргызстанга чет өлкөдөн 292,1 миллион доллар акча которулган

2026-жылдын июнь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 292,1 млн  долларды түзгөн. Улуттук банктын маалыматына ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 271,2 млн доллар көлөмүндө келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген акча которуулар 20,8 млн  доллар болгон. 2026-жылдын июнь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорттоо 1,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан Кытайга айыл чарба өндүрүмүн экспорту 73,7 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Бишкекте өткөн кыргыз-кытай бизнес-форумунда аталган